Маматова Кундузбү Алимбековна, 1965-жылы 29-ноябрда туулган.
“Тагдыр буйругу”, “Эрке” прозаларынын, “Кирпиктеги тамчы “, “Махабат ыргагы”, “Жүрөктөгү толкун”, “Чаң жолдогу издер”, Өзбек тилинде чыккан “Жол карап” ыр жыйнактарынын автору.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамалеккеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн АРДАК ГРАМОТА менен сыйланган.
Жана башка бир нече сыйлыктардын ээси.
Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун, Түндүк Америка жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

БАЛА ТИЛИ БАЛ.

ЧОҢ АТА МЕНЕН НЕБЕРЕ

Небере
Чоң ато-у, карасаңыз,
Бара жатат кумурска.
Өзүнөн чоң жүк көтөрүп,
Жол тарткансыйт алыска.

Чоң ата:
Жоокерлердей так жүрүшөт,
Чыгат күндө жүрүшкө.
Жалкоолукту сүйбөйт алар,
Акыл-эси жумушта.

Небере:
Көктө турган ай эмнеге
Чыгат түндө жаркырап?
Чыкпай калса эмне үчүн
Капкараңгы туш тарап?

Чоң ата:
Ай асмандын сулуулугу
Түндө гана көрүнөт.
Уктап жаткан бөбөктайга
Нурдан мээрим төгүлөт.

Небере:
Бешке-бешти кошсо канча?
Таппай жатам эсебим.
Дагы канча күн уктасам,
Бийик болуп өсөмүн?

Чоң ата:
Бешке бешти кошсоң, балам,
Адашпагын – он болот.
Тил алчаактар, акылдуулар
Мендей бийик чоң болот.

Небере:
Тил аламын, тентек болбойм,
Тобум тээп ойноймун.
Автоматчан солдат болуп,
Мекенимди коргоймун.

Чоң ата:
Мекениңди корго, уулум,
Мекен кымбат элиңе.
Душман бутун бастырбагын,
Ыйык туулган жериңе.

КЫЯЛ

Так секирем улактай, улактай,
Оргуп агам булактай, булактай.
Алиппемди шар окуп апамды
Кантип турам кубантпай, кубантпай.

Дирилдеймин бариктей, бариктей,
Чарк айланам шариктей, шариктей,
Мектебиме тартылам күнүгө,
Кичинекей магниттей, магниттей.

Боюм карыш кичине, кичине,
Бакыт толо күлкүмдө, күлкүмдө.
Билгим келет бүт баарын, бүт баарын,
Сыйкырчы болсом бир күнгө, бир күнгө.

АППАК МОНЧОК

Асмандан мончок жаады,
Жыбырап жердин бети.
Апакай, бирок катуу,
Черткилеп терезени.

Жер жайнап көрктүү мончок,
Төгүлөт токтобостон,
Уучума топтоп алып,
Бекитип ойнобосом.

Жүгүрүп үйдөн чыгып,
Ашыга термеледим.
Толтуруп кочушумду,
Кубанып термелемин.

Колумда аппак мончок,
Мөлтүрөйт, бирок муздак.
Төгүлгөн мончокторго,
Көздөрүм күлүп жайнайт.

Кармасам улам эрип,
Эрикпей мен да терип.
Жылмайып күлүп алды,
Апакем мени көрүп.

“Бул мөндүр, мончок эмес,
Ысыкка эрип кетет.
Жаз айы кээ бир күнү,
Ак мөндүр төгүп өтөт”.

Апамдын сөзүн тыңшап,
Ишенбей ийин күүшөп.
Турганда колумдагы,
Мончогум эрип түшөт.

Өткүн деп апам айтат,
Жер жайнайт аппак мончок,
Эриди бир заматта,
Колума салып койсок.

Мөндүргө көзүм тойбой,
Караймын улам-улам.
Токтобой төгө бер деп,
Асманды карап турам.

КИЧИНЕКЕЙ ДАРЫГЕР

“Тез жардамдын” сумкасы,
Моюнунда асылып.
Кичинекей Акылай,
Иштеп жүрөт шашылып.

Куурчагын дарылап,
Укол сайды колуна.
Таңып башын жылуулап,
Күрмөсүн жаап жонуна..

Тыңшагычын белендеп,
Сени тыңшап берем деп.
Чоң атасын каралайт,
Өзүм доктур болом деп.

Энесинин колдорун,
Улам-улам кармалап.
“Эт ысыган” дарысын,
Берип келет “чайна” деп.

“Укол сайсам ыйлаба,
Ыйлап, мени кыйнаба.
Айыктырам бат эле”,
Деп күймөнөт кыйлага.

Карс-карс күлүп чоң ата,
Колун сунат кубанып.
Өмүр, бакыт, келечек,
Уланганга кубанып..

“Дары” жеген чоң эне,
Көңүл ачык сүйүнөт.
Дарыгери жанында,
Ойноп жүрөт күлүңдөп.

Кичинекей кол менен,
Укол жасайт баарына.
Чоң атага, энеге,
Өзү эле дары да.

“Оорусуң сен жат”-десе,
Жатып калат чоң ата.
Жыттап саамай чачынан,
Берет күндө ак бата.

Биздин үйдө дарыгер,
Кичинекей Акылай.
Чоң атага, энеге,
Өзгөчө бир жакын ай.

МУГАЛИМДЕН ҮЙРӨНӨМ

Жалкоолукту сүйбөгөн,
Жыгылганды сүйөгөн.
Адал оокат, эмгекти
Айтып, таттуу сүйлөгөн,
Кыйшык бассам түзөткөн,
Сабагымды күзөткөн.
Тазалыкты, тартипти,
Мугалимден үйрөнөм.

Калыстыгы таш жарган,
Таразадай тактыкты,
Чындык үчүн күрөшүп,
Үйрөнөмүн ар шыкты.
Мээрим чачып сүйлөгөн,
Бийиктикке сүйрөгөн.
Билим, илим булагын,
Мугалимден үйрөнөм.

Көрүп калсам сүйүнүп
Салам берип ийилип.
Тапшырмасын аткарып,
Сылыктыкты үйрөнөм.
Бардык жакшы адатты,
Мугалимден үйрөнөм.

СҮЙӨТ ЭЛДИ ЖҮРӨГҮМ

Ташты тизип, кумду үйүп,
Үйлөр салып кооздоймун.
Чатыр жабам, шифер кагам,
Терезесин тордоймун.

Кичинекей күрөк менен,
Жер казамын чарчабай.
Буудай эгем, тер шыпырып,
Баатыр дыйкан бабамдай.

Жорго минем камчыланып,
Тоо аралап ойноймун,
Чоңойгондо Ала -Тоомду,
Өзүм эле коргоймун.

Уста болом, дыйкан болом,
Актайм Мекен тилегин.
Мен уулумун кыргызымдын,
Сүйөт элди жүрөгүм.

ЖАГЫМДУУ СУРОО

  • Эне, эне карасаңыз,
    Куйругу бар эмне экен?
    Делдең кулак, мүйүзү бар,
    Коркуп кеттим тиктесем.
  • Коркпо балам, корко көрбө,
    Ал музоонун апасы.
    Эмчегине сүт толтурса,
    Болбойт музоо капасы.
  • Ай чоң ата карасаңыз,
    Жал, куйрукчан эмне экен?
    Тепкилебей тынч турабы?
    Момпосуюм мен берсем.
  • Коркпо балам жал куйрукчан,
    Асыл тукум жылкы да.
    Жорго, аргымак, күлүк деген,
    Кырґыз элдин күчү да.
  • Эне, эне, энекебай,
    Тигил үрпөң эмне экен?
    Мени менен кош чуркайт,
    Алга колум сермесем.
  • Сени менен кошо чуркап,
    Так секирип ойногон.
    Күчүк болот сага окшош,
    Оюнга эч тойбогон.
  • Ай чоң ата, карасаңыз,
    Асмандагы эмине?
    Алыс кетпей жүрөт неге?
    Айланчыктап бизди эле.
  • Асмандагы учуп жүргөн,
    Ала -Тоонун бүркүтү.
    Тээ бийиктен жерин коруйт,
    Алгыр, көрктүү, ал күчтүү.
  • Эне, эне айтсаң мага,
    Колдо неге беш манжа.?
    Эки колдо кошконумда,
    Билбей турам эх канча?
  • Бир колуңда беш манжага,
    Бешти кошсоң он болот.
    Адашпастан эсептесең,
    Жолуң дагы оң болот.
  • Оо чоң ата, чоң кишини
    Укпай койсо не болот?
    “Анте көрбө, эстүүсүң сен,
    Кеп укканың оң болот”.

ЭРКЕ КЫЗ

Мен кичинек, акылым көп,
Сынык, кетик тишим бар,
Бешке эми чыксам дагы,
Түгөнбөгөн ишим бар.

Сылап-сылап чачтарынан,
Гүлдөрүмө суу куям.
Көпөлөктөр консо эгер,
Сыбызгыган үн угам.

Чоң энеме чай сунамын,
Эрте менен кечинде,
Көз айнегин тагынамын,
Менде болот издесе.

Жөжөлөрүм эсептеймин,
Аппак, сары, мойну көк,
Кызылдары бешөө экен,
Эх адаштым, өтө көп.

Жардам берем чоң энеме,
Көтөрүшүп сомкесин..
Уктаганда таппай калам,
Бек сактаган соткесин.