Бир атадан,бир энеден жаралган,
Бир тууганым, кудай берген табылгам.
Бир үзүм нан бирге жеген бөлүшүп,
Бир колум сен,бир боорум сен,кабыргам.

Бирге жатып, чоң жуурканды жамынып,
Бирге уктап,таңды чогуу атырып.
Бирге ойноп,чаң ызгытып көчөнү,
Бирге жыргап,күлүп,ырдап,
каткырып.

Кыйын кезде кубат болуп карааның,
Карбаластап издейм жылуу жамалың.
Көздөн учкан бир тууганым ,аман бол,
Кубанамын жакшы болсо абалың.

Курган турмуш,туш тарапка чачырап,
Кеттик тарап,бакыт кайдан ачылат.?
Кездешкенде кубанабыз баарыбыз,
Кут,береке,ырыс- кешик агылат.

Эң башкысы ден-соолукта болгула,
Элиң менен бирге өсүп,толгула.
Эстей кеткис балалыкты унутпай,
Ата-энени дайым эстеп тургула.

Эне берет күн нурундай жылуулук,
Эх,атаңчы аалам, дүйнө, улуулук.
Эрте,кечте тилегеним амандык,
Эң башкысы курчап турсун сулуулук.

05 03 2023.