ӨЧПӨГӨН АЗДЕК СЕЗИМДЕР…
Бозойлук сырын арзуумдун,
​​Болмокпу, айтпай кеткенде…
1993-жылы жазылган ырым эле…
Чиркин өмүр…

СЕРЕПСИЗ КЕЛЧИ ЭРКЕЛЕП!
Кылгырып, сөзүң айта албай,
Кырааты бар сыйдан кайта албай…
Кызара бөртөөр ызааттын –
Кызарган-а сырын байкабай…

Айбыгаар сырдан айта албай,
Абайы зор сыйдан кайта албай!
Жүгөнүн сыйдын каттырып,
Жүрөмүн-а секет, байкалбай!,

КАЙРЫМА:
Сезимдин сырын термеген –
Секетим-а, сыйга кең элем!
Тозоту кең текче азгыраар –
Токмаарек-а кушка жем белем?

Үйөрлөп калган байкеңдин -
Үргүлө-өр түшүн термеген!
Сезимиме тынчтык бербеген -
Секетим-а, кандай жан элең?

Тектирлүү зоодо кыр жокпу?
Териксең-а тамаар тер жокпу?
Текматы бошоң, байкеңе –
Тентегим-а, айтчы, мээр жокпу?

Азыган-а көөндө муз жоктой,
Ааламда сендей суз жокпу ай?
Жүрөгүмдүн катып жүгөнүн –
Жүрөсүң-а секет, тоготпой!

КАЙРЫМА:
Сезимдин сырын термеген –
Секетим-а, сыйга кең элем!
Тозоту кең текче азгыраар –
Токмаарек-а кушка жем белем?

Үйөрлөп калган байкеңдин -
Үргүлө-өр түшүн термеген!
Сезимиме тынчтык бербеген -
Секетим-а, кандай жан элең?

Арзыган-а сыйдан энтелеп,
Ашыгы бал ызаат бир келет!
Сенде мээр, менде-го ‘дээр’ бышты –
Себетсиз-а, келчи эркелеп…

Сендегиң-а мээрге энтелеп,
Серпилген-а зеерим не демек?
Сепили бек сыйга, секетим –
Серепсиз-а келчи эркелеп!

КАЙРЫМА:
Сезимдин сырын термеген –
Секетим-а, сыйга кең элем!
Тозоту кең текче азгыраар –
Токмаарек-а кушка жем белем?

Үйөрлөп калган байкеңдин -
Үргүлө-өр түшүн термеген!
Сезимиме тынчтык бербеген -
Секетим-а, кандай жан элең?

Муратбек Ысмайыл Алымкулов /Казыбек Казалчы/…
≈≈≈

“СЕБЕПСИЗ КЕЛЧИ ЭРКЕЛЕП…”
Сөзү: өзүмдүку, Муратбек Ысмайыл…
Обону: Зеландия балыкчыларынын кайрыгы…

Аранжировщик иним өзүңүз эле ырдаңыз деген кеңеши менен – өлбөгөн жанга, эстелик болуп калаар деген ниетте, энтигип атып, өзүм ырдап койдум эле…
Кабыл алып коюңуздар!
≈≈≈

КӨКҮРӨК МЫКТАГАН , КӨӨДӨНДӨН ЧЫКПАГАН
БАБА КЕПТЕРИН УНУТПАЙЛЫ:
ҮЙӨР – жаздагы суу үстүндө калкып аккан муздар, муз агымы…
ТЕКМАТ – кайыш кур…
ТОМО – мүйүздүн түбү…
ТОЗОТ, ТОСОТ – аңчынын болжогонун күтүп, тосуп туруучу мерчемдүү жайы, орду, буктурма жай…
ТОКМААРЕК – ток пейил…
АБАЙ – этият….
СЕБЕТ – чырпыктан майда согулган тор-идиш, корзина…
СЕРЕП – тымызын чалгындоо…
СЕПИЛ – коргонуу үчүн мыктап салынган коргон…

Бар болуңуздар, арыбаңыздар да кемибеңиздер,
урматтуу санаалаштарым!
Муратбек Ысмайыл Алымкулов /Казыбек Казалчы/,
Поэзия Ордосу…