Зымырыктап өмүрүм барасың да,
Билинбестен күндөрдүн салаасында.
Кечээ кеткен “ак боз ат” жайыт издеп,
Кайсыл беттин калды экен талаасында.

Күнгөй, терскей көз салып үңүлөмүн,
Карааныңды көрө албай күбүлөмүн.
Кайсыл жакта карайлап калдың экен,
Табаарымдан мен бүгүн түңүлөмүн.

Кеткенсидиң келбестей күндөр менен,
Таң атылган талапсыз түндөр менен.
Эртең чапчуу байгеге байлангандай,
Ач-кыйкырык кишинеген үндөр менен.

Желке-боюң сулуулар тарабадым,
Тулпар аттай тутунуп карабады.
Кадырыңды билдимби, билбедимби,
Сапар кетээр күнүңдү санабадым.

Арпа салып торбоңо ашатпадым,
Оттотподум жүгөрү кашаттарын.
Коё бербей бутуңа кишен салып,
Аядымды буудайдын машактарын.

Кырдан буйтап “ак боз ат” кеттиң качан,
Кырк ашуунун белине жеттиң качан.
Ээлик болбой элүү сай кечип өткөн,
Артта калды алтымыш, – андан асан.

Отуз жашта оттонуп турдум эле,
Ыр куржундун ырысын курдум эле.
Алаксыпмын ар жолдо чалынгандай,
Турмушуң бул,- тушуккан “туйгун” беле.

Бүгүн чыккан күнүңдүн батаары чын,
Эртең башка күнүңдүн атаары чын.
Сайдагы аккан суунун да эсеби жок,
Кайтпас болуп аркага жатаары чын.

Тайраңдаган “тай” чагың бүтөөрү чын,
“Быштылыка” бергендей бүт үмүтүн.
Аркы-терки чабылып, тери кургабай,
“Асыйлыка” айланып кетээр бир күн.

Убакыттар алмашып мезгилдерге,
Жеткирээри анык го, жетчү жерге.
Жөн гана биз жүргөндөй “теспе” тартып,
Кетээриң да аныктыр, кетээр жерге.

Жашоо ушундай,- табият мыйзамы бул,
Бааланып да, бааланбайт учурга – учур.
Адам жашайт кадимден, бул жашоодо,
Толуп дагы, толбостон ага купул.

Кечээки эле кемибес ушул дүйнөм,
Келтиргендей кемдигин башка үйгөн.
Баамга албай бактысын жүргөн жаным,
Байкадым бейм алыстап чыкканда үйдөн.

Жетпегенди толуктап жүргөн жандай,
Жаткан кезим тытынып тыным албай.
Тирүүлүктүн милдети – ар башта бар,
Мен да келем ошондон сыртта калбай.

Күндөр учуп зымырык турасың да,
Артка көздү кылчайтып бурасың да.
Боз мунарык… Артыңда баскан жолуң,
Сыя челектей,- түгөткөн сыясын да.

Абдугани Эшиев
11.04 23 ж. Москва.