Менин бактым,.албетте ден соолук,
Ден соолук бар, ой дагы, жок го бук.
Шайырмын, баарына шүгүр кылам,
Жаратканга ыраазымын,. аты улук.

Менин бактым, Атакемдин насааты,
Үйрөттү эмгек, илим, акыл, санатты.
Атамдын мага айткан акыл сөздөрү,
Жашоомдогу эң бир керек саамалы.

Менин бактым, эң биринчи адамым,
Ден соолугу өмүрү го алтын апамын.
Апакемдей адам барбы, бу ааламда,
Албетте жок!. Кандайча тан аламын.

Менин бактым, бир боорум асылым,
Бир туугандай жок го айтсам чынын.
Бир уядан учкан менин, асылдарым,
Тоодой өбөк, кайталангыс бакытым.

Менин бактым, сүйгөн асыл жарым,
Мен үчүн даяр турган билем дайым.
Ооруму колдон, жеңилимди жерден,
Алып жүргөн, мен үчүн күйгөн айым.

Менин бактым, уулум да кыздарым,
Алар менин кубанычым, кымбатым.
Ден соолугум, өмүрүм да, бакытым,
Түбөлүктүү келечек улаар, урпагым.

Менин бактым эки дүйнө досторум,
Мени эстеп кээ кездери жоктоорум.
Бала кезден чогуу жүрүп, чоңойдук,
Достор менен өтөт, шаңдуу доорум.

Менин бактым чыны Кыргыз элим,
Мен үчүн табылгыс Кыргыз жерим.
Баарысынан жогорку бир мен үчүн,
Ата Журтум, баасы бийик Мекеним