Периштелер жүрсүн сенин жаныңда,
Тартуу кылып, кубанычтуу жаңылык.
Каалап турам, мен силерге ушуну,
Калгандырсың сен да мени сагынып.

Сагындың деп, айтканымдын себеби,
Жазбай калгам тайпаларга мен эми.
Жамыраган көп жазмакер ичинде,
Жок деп ойлойм, ырларымдын кереги.

Сага айтарым, кулак салып угуп кой,
Саламдашуу тирүүлүктүн белгиси,
Сени бирөө капа кылса ачууң бас,
Сабыр кылуу, сылыктыктын энчиси.

Жакшы-жаман, эгиз жүргөн кылыктар,
Бири кенен, а биринин ичи тар.
Ылгап сүйлөп жакшы менен жаманды,
Ыйман кылып, жашап жүргөн адам бар.

Кимисине кошуламын мен өзүм,
Калыс карап, таразала бул сөзүм.
Таамай айтсам, ичи тарлар кызганат,
Душман болуп, бир көзүмө бир көзүм.

Капа болбойм, андайларга такыр мен,
Карапайым, бир адамын ичи кең.
Өтөт-кетет, бул жашоодон көптөрү,
Жакшылардын катарында болгун сен.

Таразалап коёт турмуш өзүңдү,
Кенен кылгын пенделерим ичиңди.
Көрүп турат так төбөңдө Жараткан,
Жакшы-жаман кылып жаткан ишиңди,

Күлө кара жакшылыктын жолдорун,
Кенен ачып, май бастырбай көзүңдү
Кээ бир жерде керек болуп калбасын,
Көкүрөккө түйүп койгун сөзүмдү.

  1. 2021 ж.
    (архивди аралап)