(Динара Асанова).

Ыр арнасам акын сулуу таарынбас,
Калем сабың тура сенин жаңылбас.
Мен өзүңдү Надирага теңедим,
Жазгандарың укмуш экен карындаш.

Зыйнат сулуу ыр жазчы экен уктуңбу,
Зыйнат сындуу сен жарышка чыктыңбы.
Аста кана канаттарын кайрыбай,
Симург кушту кылтагы жок туттуңбу.

Бир болбогон сөздөн таза жаңылбас,
Мындай акын ичибизден табылбас.
Омар Хаям, Хафис сындуу баракка,
Сен ырларың жазыптырсың карындаш.

Мен өзүңдү ырас чындап мактадым,
Жакты мага төрт сап ырды жазганың.
Ырың менен эң бир сонун карындаш,
Жүрөк тушум солк дедирип таштадың.

Сен лираны бек кучактап сүйгүнүң,
Поэзияны ыйык тутуп жүргүнүң.
Калемиңди барагыңды бек кармап,
Канаты бар пегас атты мингиниң.

УРМАРАЛ
Талас.