Сотрудник Кыргызского Бюро Культуры и Литературы Портала Азербайджана

Арабыз алыстык кылса дагы.
Жашайсың сезимдер түпкүрүндө,
Ардагым барам сизге канат байлап,
Кечиксем жолду карап үшкүрүнбө.

Түнкүсүн жылдыз учса жарык чачып.
Мени салам жиберди деп билип кой,
Куса болсоң жылдыздарга бир карап,
Жоорокерим жылуу- жумшак күлүп кой.

Жолубузга бөгөт коюп ар түркүн.
Балким бизди көрүп сынап жаткандыр,
Чыдаганга белек кылып акыры,
Тоскоолдуктун торун алар бул тагдыр.

Билем узак күттү жаман баарынан.
Жолуугуга аз убакыт калгандыр,
Насип кылып бактысынан бир үзүм,
Жаратканым бизге дагы жазгандыр.
10 -июль 2023 -жыл.