Сотрудник Кыргызского Бюро Культуры и Литературы Портала Азербайджана

Гүл жайнаган талаада мемилдеген.
Кыял кармап оюмда сени издегем,
А сен болсо түнкүсүн учуп түшкөн,
Жылдыз болуп бактыма келдиң бекен?.

Издедим сени күттүм санаа тартым.
Сезимдин баарын ээлеп бара жаттың,
Карайлап турган кезде бакыт издеп,
Жолуктуң жолдорунда Махабатын.

Соолуган тамырыма болуп тамчы.
Үзүлгөн үмүтүмдү улап жакчы,
Жүрөккө шоола чачтың учкун болуп,
Дүйнөдө сенин барың кандай жакшы.

10 -июль 2023 -жыл