Которгон Ырысгүл Изатова

Азыр сенден алыстамын…
А сен жаным кандайсың?
Тагдыр бөлдү экөөбүздү,
Таппай калдык айласын.

Келечекти туман басты,
Күндөрүм жок айжаркын.
Кызгалдагым кырлардагы,
Кулпурдуңбу, кандайсың?

Таштай болдум жолдо жаткан,
Эч ким мени албаган.
Сенин оттуу көздөрүң жок,
Көп ичинен тандаган.

Байлыгымсың жакут, алмаз,
Алтындан да жогору.
Кандай жансың арбап алган,
Үр кыз сендей болобу?

Көңүл бөлбөй кеттиң мага,
Жакшы сөзүм арнайм чын.
Санаа тартат Ибрагим,
Сенчи жаным, кандайсың?

Mənbə: https://adabiyat.kg/